АИВдин алдын алуу же PrEP

Кененирээк билүү

Биз буга чейин АИВ тестине 5626 буйрутма алдык

Күмөн санооңузду
15 мүнөттө жок кылыңыз

АИВге тестти жашыруун, бекер жана оңой тапшырыңыз.

Сиз презервативсиз жыныстык катнашта болдуңузбу? же жыныстык катнаш маалында презерватив айрылып калды беле?
Сактануу болдубу-болгон жокпу?
Өнөктөшүңүздүн АИВ макамын билбейсизби? Сиз баңгизат колдондуңуз беле?

Сизге АИВ инфекциясын жуктуруп алуу коркунучу болушу мүмкүн!

Акысыз, оңой жана жашыруун АИВ тестин тапшырыңыз

Тез кайталанчу суроолор

Бул кызмат эмне үчүн түзүлдү?
Биз бул кызматты АИВти жуктуруп алдым деп ойлогон адамдарга акысыз жана жашыруун түрдө АИВ макамын текшерүүгө жардам берүү үчүн иштеп чыктык. АИВди АИВ-инфекциясы бар башка адамдан презервативсиз жыныс кыны/көтөн чучук/ооз аркылуу катнаш учурунда, презервативди туура эмес колдонууда,ошондой эле бангиге же алкоголго мас абалында презервативсиз жыныстык катнашта болуу жана кан аркылуу бангизатты колдонуу учурунда жуктуруп алуу мумкун..
Эмне үчүн бул кызмат акысыз?
АИВ-инфекциясы менен ооруган бардык адамдар АИВ-инфекциясын мүмкүн болушунча тезирээк аныктап, атайылаштаралган дарылоону мүмкүн болушунча тезирээк баштоосу үчүн тесттер Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын имундук жетишсиздик вирусун козомолдоо борборунун эсебинен бекер берилет, бул адамдын дени сак жана активдүү болуусуна шарт түзөт
Менин жеке маалыматтарым башка тараптарга маалым болобу?
Сиз берген маалымат купуя. Буйрутманы түзүү жана жеткирүү, тесттин жыйынтыгы боюнча пикир алуу үчүн телефон/электрондук дарегиңиз керек. Биз сиздин жеке маалыматтарыңызды башкалар ​​менен бөлүшпөйбүз жана аны АИВке тестирлөөдөн башка максаттар үчүн колдонбойбуз.
Тесттин жыйынтыгы оң болсо, эмне кылуу керек?
АИВ тестинин оң болушу СПИД борборунда кан аркылуу дагы бир АИВ тестин тапшыруу менен ырасталышы керек. Тест салынган конвертте СПИД борборунун дареги жана иштөө убактысы, ошондой эле сизге кеңеш берип, кандын ырастоочу анализинен өтүүгө жардам бере турган кызматкерлердин номерлери камтылган. Эгерде сиздин натыйжаңыз тастыкталса, анда СПИД борборунун адистери натыйжалуу дарылоону баштоого жардам берет, ал Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына жана жашоочуларына акысыз көрсөтүлөт.
Эгер мен акыркы үч айдын ичинде АИВке тесттен өтсөм эмне болот?
Кооптуу жүрүм-турумдуу адамдарга 3-6 айда бир текшерүүдөн өтүү сунушталат. Көбүрөөк тестирлөө дайыма эле негиздүү боло бербейт. Вирусту жуктуруп алгандан кийин АИВти тез аныктоо үчүн 1 айдан 3 айга чейин убакыт талап кылынат. Эгерде кооптуу жүрүм-турум бар болсо, бирок үч айдан аз убакыт өтсө, тест терс натыйжа көрсөтүшү мүмкүн, бирок бул дайыма эле инфекция жок дегенди билдирбейт. Тестке буйрутма берүүдө бул маалыматты эске алыңыз.
АИВден айыкса болобу?
Бүгүнкү күндө дүйнөдө АИВтен толук айыгуунун 3 гана учуру белгилүү. АИВ инфекциясы менен сиз атайын антиретровирустук терапияны алуу менен узак жана толук кандуу өмүр сүрө аласыз. Антиретровирустук терапиянын дарылары Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына жана резиденттерине СПИД борборунан бекер берилет. Антиретровирустук терапияны алуу АИВ менен жашаган адамдын сапатын жана өмүрүнүн узактыгын гана жакшыртпастан, АИВтин андан ары жугушун токтотот. АИВ-инфекцияны антиретровирустук терапияны туура кабыл алып жаткан жана вирустук жүктөмү аныкталгыс болгон АИВ менен жашаган адамдан, презервативсиз жыныстык катнаш учурунда да жуктуруп алуу мүмкүндүгү өтө төмөн.
Кандагы вирус аныкталгыс деңгээлге жетиши үчүн антиретровирустук терапия канча убакытка чейин колдонулушу керек?
Мунун баары терапия башталганда кандагы вирустун деңгээлине жана терапия режимине жараша болот. Кимдир бирөөгө аныкталгыс деңгээлге жетүү үчүн үч ай жетиштүү, ал эми кимдир бирөө үчүн көбүрөөк убакыт керек. Адам терапияны канчалык эрте баштаса, ошончолук жакшы. Бул терапияны кармануу жана дарыгерлер тарабынан белгиленген таблеткаларды үзгүлтүккө учуратпоо үчүн абдан маанилүү болуп саналат.
АИВ-инфекциясын дарылоо канча убакытка созулат?
АИВ-инфекциясы менен жашаган адамдар вирусту аныкталгыс деңгээлинде кармаш үчүн, өмүр бою терапияда болушу керек. Дарылоо режими организмдин өзгөчөлүктөрүнө жараша оорулуу үчүн жекече тандалып алынат. Учурда Кыргызстанда бардык схемалар дарыны күнүмдүк колдонууну камтыйт, бирок дүйнө бир орунда турбайт жана жакынкы келечекте айына бир гана жолу колдонуула турган дарылар пайда болушу толук мүмкүн.
Мен тестти алуум үчүн башка адамдар менен байланышым керекпи?
Дарыканада тесттери бар конверттерди бөлүштүрүү окуудан өткөн фармацевттер тарабынан ишке ашырылат, алар сизге эч кандай кошумча суроолорду бербейт. Бирок сайтта техникалык катачылыктар болгон учурда, же сиз буйрутманы көп убакытка чейин көрсөткөн жерден албасаңыз, маселени тактоо үчүн СПИД борборунун кызматкери көрсөтүлгөн телефон номери боюнча сиз менен байланыша алат.
АИВ тестине буйрутма кылганда мен эмне алам?
Сизге бир OraQuick АИВ Self-test жана кыргыз жана орус тилдеринде ВИЧ жана инфекцияны алдын алуу ыкмалары жөнүндө ар кандай маалыматтык материалдар камтылган конверт аласыз.
Буйрутмадан кийин тестти канча убакыт күтүүм керек?
Биз буйрутмаларды мүмкүн болушунча тезирээк иштетүүгө аракет кылабыз, адатта буйрутма ошол эле күнү же кийинки күнү жеткирилет. Чабармандардын жана координатордун иш графиги ар кандай болгондуктан,эгер сиз майрам же дем алыш күндөрү буйрутма кылсаңыз, буйрутма 2-3 күндүн ичинде жеткирилиши мүмкүн.
Тесттин жыйынтыгын кимдир бирөөгө кабарлашым керекпи?
Жок, тесттин жыйынтыгын эч ким менен бөлүшүүгө же айтууга милдеттүү эмессиз. Биз үчүн эң негизгиси, сиз өзүңүздүн АИВ-макамыңызды билгениңиз. Колдонулган тесттер боюнча статистиканы чогултуу үчүн биз сизден тесттин жыйынтыгын жөнөтүүнү суранабыз. Бизге бул маалымат жалпы отчеттуулук жана долбоорду андан ары каржылоону ырастоо үчүн гана керек. Ошондой эле, оң натыйжа болгон учурда, сиз бул тууралуу бизге айта аласыз, биз сизге ырастоочу тесттен өтүүдө жана зарыл болгон учурда кийинки этаптарда жардам жана колдоо көрсөтө алабыз.

Сын пикирлер

Айка

Мен абдан кубанычтамын, азыр биздин шаарда тесттен өтүү ушунчалык оңой болуп калды, мен көптөн бери текшерилгим келип жүргөм, бирок, аз да болсо, инфекцияны жугузуп алуу коркунучу жана коркунуч өзү, лабораторияга барууга жол бербей койду. Ишиңиздерге чоң рахмат, Сиздер бирөө жарымдардын өмүрүн сактап калууга өбөлгө түзүп жатасыздар

Нурик

Сайт, буйрутмадан баштап жеткирүүгө чейин, бардыгы 100 жылдызга татыктуу!!! Акысыз текшерүү мүмкүнчүлүгү үчүн рахмат! Сизге бардык жакшылыктар каалайм жана чоң рахмат!

Анеля

Мындай ыкчам ишиңиздер үчүн сиздерге абдан ыраазымын, мен эч качан тест тапшырган эмесмин, бул кымбат жана көп убакытты талап кылат деп ойлочумун. Бирок сиздерге рахмат, бул абдан тез жана акысыз, эң негизгиси, жашыруун болду. Тест абдан тез жеткирилди, бирок менде анча-мынча суроолор бар болчу, тесттен кийин мен сайтта көрсөтүлгөн номерге кайрылдым жана алар дароо суроолорума жооп беришти. Чоон рахмат

Эрбол

Ош шаарында да тесттен өтүү мүмкүнчүгү пайда болгонуна эң сонун болду, мен өмүрүмдө биринчи жолу ВИЧке тесттен өттүм, анткени бизде ал жөнүндө сүйлөшүү мүмкүн эмес, ал эми өз ден соолугуң үчүн тестти кайсыл жерден өтүүнү, кантип анализ тапшырууну да билбейт элек. Уюштуруучуларга чоң рахмат)

Тесттен өттүңүзбү? Жыйынтыгын бизге билдириңиз
- бул кызматты жакшыртууга жардам берет!

Жыйынтыкты билдирүү толугу менен купуя. Бул маалымат бизге кызматыбызды жакшыртууга жана кеңейтүүгө жардам берет, ошондуктан көбүрөөк адамдар акысыз жана жашыруун жардам ала алышат. Сиздин колдооңуз үчүн рахмат!

Жыйынтыгын кабарлоо

АИВдин алдын алуу (же PrEP)

АИВ-инфекциясын жуктуруп алуу коркунучу (кооптуу жыныстык катнаш же баңгизат колдонуу) алдында антиретровирустук дарыларды кабыл алуу.

None

Биздин байланыш маалыматыбыз


Copyright © 2024, ICAP at Kyrgyzstan.